Клара Сооронкулова ооруканага жаткырылат

Жаза аткаруу кызматы бийликти басып алуу максатында массалык баш аламандык уюштурууга аракет кылган деген айып менен Бишкек СИЗО-1де камакта жаткан Конституциялык соттун экс-судьясы Клара Сооронкулованы ооруканага жаткырууга макул болду. Бул тууралуу ЖАКтан билдиришти.

Тергөөдөгүлөргө же соттолгондорго абакта медициналык жардам көрсөтүү мүмкүн эместиги тууралуу дарыгерлер тарабынан тиешелүү тастыктамалар бар болсо, алар камакка алынгандарды жарандык ооруканаларга которууга эч качан тоскоол болбой турганын ведомство билдирди.

Клара Сооронкулова клиникага которулуп, операция жасалат деген маалыматты анын жактоочусу Чынара Жакупбекова да тастыктады.

Эскерте кетсек, Бишкектин Биринчи Май райондук соту Клара Сооронкулованын камактагы мөөнөтүн 20-апрелге чейин узарткан.