Атай Бейшенбек камакта калтырылды

Бүгүн, 9-ноябрда Бишкек шаардык сотунда «массалык башаламандыктарга даярдык көрүүгө» шектелип кармалган активист жана саясатчылардын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча жактоочулардын арызы каралууда.

Жактоочу Канат Хасанов активистти үй камагына чыгарууну өтүндү. Сот активист Атай Бейшембектин кармалышын мыйзамдуу деп тапты.

Атай Бейшембек 20-декабрга чейин №1 тергөө абагында камакта болот.

“Бийликтин жүргүзүп жаткан саясаты уят. Акыйкаттык үчүн ар дайым өз пикириңерди билдире бергиле”, — деди активист.