Москвада апасы 11-кабаттан ыргыткан кыз ооруканада каза болду

Москвада апасы көп кабаттуу үйдүн терезесинен ыргытып жиберген бир жаштагы кыз каза болду, кылмышка шектүүнүн аракети “жашы жете элек кызды өлтүрүү” беренеси боюнча квалификацияланат. Бул тууралуу Москва прокуратурасынын Telegram каналында кабарланды.

Кечээ, 8-ноябрда Сумский проездиндеги көп кабаттуу үйдүн терезелеринин астынан 2021-жылы туулган кыз табылган – болжолдуу түрдө аны 26 жаштагы энеси 11-кабаттан ыргытып жиберген. Бала оор абалда ооруканага жаткырылган. Кыздын апасы жолдошу менен ажырашып кеткендиктен депрессиялык абалда болгон. Аял өзү дарыга ууланып ооруканага жаткырылып, ага карата кылмыш иши козголду.