Ошто кытай жараны айлыгын бербей жүргөн жетекчисин жанын кыйды

Ош шаарында Кытай жараны өз жердешинин өмүрүн кыйды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 8-ноябрь күнү саат 10.00 чамасында Ош шаарынын А.Навои кѳчѳсүндѳ жайгашкан “Пекин” аталышындагы мейманканасында   Кытай Республикасынын 1978-жылы туулган Д.Ж. аттуу жараны киши колдуу болуп каза болгон. Бул өзгөчө оор кылмышка шектүү катары Кытайдын 1980-жылы туулган жараны К. П. кармалган.

Ал өзгөчө оор кылмыш жасагандыгын моюнуна алып, анын бул кылмышка баруусуна өз ара келишпестиктер себеп болгондугун билдирген. Тагыраак айтканда, шектүүнүн берген көрсөтмөсүнө ылайык,  маркум анын жетекчиси болуп, көп айлык кызмат акысын бербей жүргөн. Бул көрсөтмсөлөр тергөө кызматы тарабынан текшерилип жатат.

Адам өлтүрүү  фактысы боюнча ыкчам тергѳѳ тобу барып, маркумга карата  соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Окуя боюнча ошол жерде жашашкан маркумдун жана шектүүнүн жердештери, башка күбөлөр суралышты.

8-ноябры күнү  Кытайдын жараны  1980-жылы туулган К.П. адам өлтүрүүгө шектүү катары кармалып, Ош ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына  киргизилген. Учурда иликтөө иштери уланууда.