Улуттук банк алдамчылардын курмандыгы болуп калбоо үчүн сак болууга чакырат

Улуттук банк алдамчылардын курмандыгы болуп калбоо үчүн жарандарды сак болууга чакырат.

УБнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, акыркы убакта алдамчылар өздөрүн Улуттук банктын жана коммерциялык банктардын кызматкерлери катары тааныштырып, телефон чалуулар жана мессенджерлер аркылуу акча которууну ырастоону суранып, жарандардын жеке маалыматын алууга аракет кылып жатышат.

Белгиленгендей, бул алдамчылык аракеттердин бир түрү. Мындай жол менен жарандар акча каражаттарын жоготуп алуу коркунучу бар!

Эч убакта жеке маалыматыңызды, картаңыздын номерин, PIN-кодду, картанын жарактуулук мөөнөтүн, ошондой эле CVV/CVC коддорун (бул коопсуздук коддору, кол коюу тилкесинде картанын артындагы акыркы 3 сан), SMS (тексттик билдирүүлөр) аркылуу тастыктоочу коддорду үчүнчү жактарга, өзгөчө бейтааныш адамдарга бербеңиз!

«Текшерилбеген белгисиз шилтемелерге кирбеңиз, ошондой эле ал жакка жеке маалыматтарды жана картаңыздын реквизиттерин эч качан жазбаңыз. Бардыгыңыздарды сак болууга чакырабыз!» — деп айтылат маалыматта.