Атай Бейшенбектин апасы бийликке кайрылуу жолдоду

Бүгүн, 9-ноябрда Бишкек шаардык сотунда «массалык башаламандыктарга даярдык көрүүгө» шектелип кармалган жарандык активист Атай Бейшенбектин кармалышынын мыйзамдуулугу каралып, райондук соттун чечими өзгөртүүсүз калтырылды. Шаардык соттун чечими менен активист 20-декабрга чейин камакта калтырылды.

“Бийликтегилерден суранам, адилет, акыйкат чечим чыгарууларына”, – деп билдирди активисттин апасы.

Активисттин апасы соттук отурумдан соң журналисттерге пикирин билдирип, соттук чечимди адилетсиздик болду деп баалады.