Кыргызстандын ишкерлерине 4,5 миллион сом айып салынган

Быйылкы жылы тогуз айда Кыргызстанда коомдук тамактануучу жайлардан тамак-ашка ууланган 69 учур катталды. Андан 387 адам ууланган.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары, башкы санитардык врач Бүбүжан Артыкбаева бүгүн, 9-ноябрда маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, көрсөтүлгөн мөөнөттө 1952 объект текшерилип, аныкталган мыйзам бузуулар боюнча 1670 объектиге протоколдор түзүлгөн. 4 миллион 503 миң сомго айып пул салынган. Коомдук тамактануучу жайлардан тамак-ашка уулангандар жалпы уулангандардын 50-60% түзүп келсе, акыркы убакта бул көрсөткүч дээрлик 90% жетти.

Артыкбаеванын маалымдашынча, 2020-жылы тамак-ашка ууланган 190 учур катталып, андан 267 адам жабыркаган. 2021-жылы 93 учур катталып, андан 569 адам жабыркаган.

Жалпы 1900 коомдук тамактануучу жайга министрликке караштуу Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан текшерүү жүргүзүлгөн. Анын ичинен 18 ашканага ишин улантууга тыюу салынып, үч коомдук тамактануучу жайдын иши милицияга өткөрүлүп берилди.

Быйыл Кыргызстанда тамак-ашка ууланган учурлар арбын катталды. 30-июлда Кадамжай шаарындагы “Алмаз” кафесиндеги тойго барган 250 кишинин 108и ууланган. Июнь айында Жалал-Абад шаарында төрт күндө “Ага-ини” жана “Таж-махал” тез татым жайларынын шаурмаларына 70тен ашуун адам ууланган. Алардын элүүдөн ашууну ооруканага түшкөн.