Бишкекте унаа оодарылды

Бишкек шаарында жеңил унаа оодарылып кетти. Бул тууралуу маалымтты Милициянын кайгуул кызматынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, жол кырсык 9-ноябрга караган түнү А.Токомбаев көчөсүндө болгон. Анда Foton үлгүсүндөгү унаа оодарылып кеткен.

edc7e73c 6084 44da 83a3 4ed8545f5ee9 Бишкекте унаа оодарылды

Айдоочу рулга ээ боло албай калган. Кырсыктан эч ким жабыркаган эмес. Унаа айып аянтчасына токтотулган.

Жүргүзүлгөн текшерүүдөн соң айдоочунун алкоголдук ичимдик ичпегендиги тастыкталган.  Учурда кырсыктын чоо-жайы такталууда.