“Береке” турак жай кооперативине алдангандар митингге чыгышты

Береке турак жай кооперативине алданып калган жарандар, акчасын кайтарып алууну көздөп митингге чыгышты. Алардын айтымында алгач келишим түзүп жаткан учурда «биздин ишибизди президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев колдоду»,-деп ишендиришкен.

Бүгүнкү күндө үй жана унаа алуу үчүн акча берген жарандар болгону акчасын кайтарып берүүнү талап кылышууда. Жергиликтүү укук коргоо органдарына кайрылуудан майнап чыкпай, бийликке кайрылуу үчүн митингге чыгышкан.