Өлкөдөгү ар кандай кооперативдердин ишин тизгиндөө керек, – сүрөт

Мындай пикирин депутат Тазабек Икрамов бүгүн, 3-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

“Береке” кооперативинен жабыркаган адамдар Ак үйдүн алдына чейин келип жатышат. Ушуга окшогондорду качан токтотосуңар? Алардан жабыркаган жарандардын саны миңдеп саналат. Бул эң бир көйгөйлүү маселелердин бири болуп жатат. “Береке” сыяктуу кооперативдер абдан көбөйүп кетти. Бүгүнкү күндө алар коом үчүн эң коркунучтуу, канчалаган адамдардын акчаларын алып сызга отургузуп кетишүүдө. Мамлекетибиз аферисттердин мамлекети болуп баратат”, – деди депутат.

Икрамовдун пикирине депутат Жанар Акаев да кошулуп, учурда алардан жабыркаган 500 адам Ак үйдүн алдында турганын билдирди.

“Береке” кооперативинин жетекчилери 162 миллион сомду элден жыйнап алып, эч нерсе болбогондой басып жүрүшөт. Же аларды атайын органдар суракка чакырбайт же камабайт. 500дөй адам чогулуп кеңсесине барса жетекчиси “ИИМде таанышым бар, билгениңерди кылгыла”, деп айткан. Азыр дагы плакаттарын көтөрүп, Ак үйдүн алдында турушат, 500 адам. ИИМ бүгүнтөн калбай уюштуруучуларын суракка алып, элден алган акчаларын кайтарып беришсин. Алар кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек”, – деди Жанар Акаев.

ИИМдин министринин орун басары Нурбек Абдиев мындай фактылар көп катталып жатканын мойнуна алды. Анын айтымында ушул сыяктуу кооперативдер жабылып, негиздөөчүлөрү кылмыш жоопкерчилигине тартылып, абакта отурушат.

“ИИМ тарабынан интернет булактары, массалык маалымат каражаттары аркылуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Бирок, ага карабай жарандарыбыз алданып, же акчадан жок, жек үйдөн жок калап калган фактылар бар. Жогоруда аты аталган фирма боюнча да текшерүү иштери жүргүзүлүп, курамында кылмыштын элементтери болсо кылмыш ишин козгоп, жоопко тартабыз”, – деди Нурбек Абдиев.