Жалал-Абад: «Кыргызавтожолдун» филиалы 12 млн сом зыян келтирген

Жалал-Абад областында «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын аймактык башкармалыктарында мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгени аныкталды, деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

whatsapp image 2022 11 01 at 16 57 10 1 Жалал-Абад: «Кыргызавтожолдун» филиалы 12 млн сом зыян келтирген

Маалыматка караганда, УКМК Жалал-Абад областтык башкы башкармалыгы, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол» МИ Жалал-Абад филиалынын аймактык органдарынын кызмат адамдарына карата, Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүмү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш ишин козгогон.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад филиалынын аймактык органдарынын кызмат адамдары, көп убакыттан бери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, өздөрүнүн кызматтык милдеттерин адилетсиз аткарып, эл аралык, мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги жолдорго асфальт-бетон төшөлмөсүн монтаждоо боюнча негизсиз, ашыкча баалоо боюнча кылмыштуу схеманы уюштурушкан.

Бул иштин алкагында, тиешелүү текшерүүлөр дайындалып, жыйынтыгында 12 миллион сом өлчөмүндө алдын ала зыян аныкталган. Буга байланыштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын аймактык башкармалыктарынын жумуш орундарында тинтүү иштери жүргүзүлгөн.

whatsapp image 2022 11 01 at 16 57 11 Жалал-Абад: «Кыргызавтожолдун» филиалы 12 млн сом зыян келтирген

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.