Казак активисттери Бишкектеги СИЗО-1ге жайгаштырылды

Эки казакстандык активист Диана Баймагамбетова менен Асхат Жексебаев Бишкектеги СИЗО-1ге киргизилди. Бул тууралуу УКМК ​​билдирди.

Коопсуздук кызматынын маалыматына караганда, активисттер кыргыз-өзбек чек арасынан өтүүгө аракет кылышкан. Алар «Достук-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунан кармалган.

«Казакстандын Ж.А.Е. жана Б.Д.Д атуу жарандары кармалды. Кармалган эки жаран тең 23-октябрда «Кордай-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунун жанындагы өтмөк аркылуу кызматтык өткөрүү пункттарын айланып өтүп, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүшкөнү аныкталган. Негизи Казакстан Республикасынын жарандарына карата сотко чейинки өндүрүш иштери катталган. Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Казакстан Республикасынын активисти Жанна Бота буга чейин Бишкекте Казакстандын жарандары кармалганын билдирген.