Кыргызстандык үч пара дзюдочу дүйнө чемпионатына катышат

Кыргызстандын пара дзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Азербайжанда өтө турган дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Билдирүүгө караганда, мелдеш 5-9-ноябрь күндөрү Баку шаарында өтөт.

Дүйнө чемпионатына катыша турган курама команданын тизмеси:

1. Маматибрагим Суранов;

2. Темирлан Абдикаримов;

3. Хайитхон Хусан кызы.

Спортчулар пара дзюдо боюнча машыктыруучу Канат Имияновдун жетекчилиги астында чемпионатка катышат.