Нуржигит Кадырбеков: «Баткенден качып келгендер азыр мечиттерде жашап жатат»

Акыркы бир айда Баткендин канча тургуну башка аймактарга кеткени боюнча министрлер кабинетинде так маалымат жок. Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында каржы министринин орун басары Руслан Татиков депутат Нуржигит Кадырбековдун суроосуна жооп бере алган жок.

Чиновник Баткен боюнча атайын комиссиянын иши аяктагандан кийин маалымат берүүнү убадалады.

«Тизме түзсө болмок», – деди Нуржигит Кадырбеков.

Эл өкүлүнүн айтымында, башка аймактарда жашаган баткендиктер жардамга муктаж.

«Алар Ош, Бишкек, Кызыл-Кыя шаарларында жашашат. Мага кайрылышат, жашоого эч нерсеси жок, батирдин ижара акысын төлөш керек деп. Кээ бирлери мечиттерде жашашат. Министрлер Кабинетинин өкүлдөрүнө мындай сунуш айткым келет: көп жатаканаларда бекер бөлмөлөр бар, ошол жактан бөлүп бергиле. Алар көчөдө калышты. Операцияга муктаж болгон жарадар болгон бир аскер кызматкеринин ата-энеси унаада жашайт экен», – деди ал.

Эске салсак, 16-сентябрь күнү эртең менен Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы бир нече участоктордо ок атышуу башталган. Натыйжада, Лейлек жана Баткен райондорундагы калктуу конуштар аткылоого кабылды. Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан улам Баткен жана Лейлек райондоруна караштуу 7 айылдын, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жекенди айылынын тургундары үйлөрүн таштап кетишкен. Тажикстандын кол салуусунан 206 адам жабыркап, 63 жаран каза болду.