Чыңгыз Айтматов району пайда болот, мыйзам долбоору талкууда

«Кыргызстандын Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагын, Ош жана Талас облустарынын айрым айылдарын жана Талас облусунун Кара-Буура районун кайра атоо жөнүндө» мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Аталган мыйзам долбоору Министрлер кабинети тарабынан сунушталууда.

Документке ылайык, Нарында Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагын Ормон хан айыл аймагы деп атоо сунушталууда. Ошондой эле Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл аймагынын Борбаш айылын Кайрагач деп атоо демилгеленген.

Андан тышкары, мыйзам долбоору колдоо тапса, Талас облусунун Кара-Буура району Айтматов району, Чолпонбай айыл аймагынын Чымгент айылы Чолпонбай деп өзгөртүлөт.

Мыйзам долбоору кабыл алынса,  ал 20203-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Районду, айыл аймакты жана айылдарды кайра атоого 8 млн 75 миң сом чыгымдалары күтүлүүдө.