Кайрадан «Мекенчилдин» тарапташтары. Жалал-Абадда бийликти колдоп митингге кимдер катышты?

%D0%B3%D0%BB%D0%B0%D0%B2 Кайрадан «Мекенчилдин» тарапташтары. Жалал-Абадда бийликти колдоп митингге кимдер катышты?

31.10.2022 Т-медиа Жаңылыктар 0

24-октябрда Жалал-Абад шаарында бийликтин иш-аракеттерин колдогон митинг өттү. Иш-чаранын катышуучулары бийликтин кылган жумуштарын жактаган. Ошондой эле алар бүтүндөй Жалал-Абад облусунун атынан президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге колдоо көрсөтөрүн айткан. 

https://www.facebook.com/plugins/video.php?height=314&href=https%3A%2F%2Fwww.facebook.com%2Fakniet.keneshov.90%2Fvideos%2F508314457603866%2F&show_text=false&width=560&t=0

«Т-Медиа» митингдин уюштуруучуларынын айрымдарынын өздүгүн аныктады.

Эмил Айткулов

Видеодо сүйлөп жаткан кишинин артында турган адам Айткулов Эмил Кадыржанович. Шайлоочулардын тизмесинен ал Жалал-Абад облусунун Сузак районунда добуш бергени маалым болду.

%D1%81%D0%BA%D1%80%D0%B8%D0%BD %D0%B0%D0%B1%D0%B4%D1%80%D0%B0%D0%B7%D0%B0%D0%BA%D0%BE%D0%B2 Кайрадан «Мекенчилдин» тарапташтары. Жалал-Абадда бийликти колдоп митингге кимдер катышты?

Ал социалдык түйүндөрдө бийлик өкүлдөрү менен түшкөн сүрөттөрүн байма-бай жүктөп турган. Мисалы, Ош шаарынын экс-мэри, Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Сарбашов менен түшкөн сүрөтүн киргизген. 

%D1%81%D0%B0%D1%80%D0%B1%D0%B0%D1%88%D0%B5%D0%B2 %D0%BC%D0%BD Кайрадан «Мекенчилдин» тарапташтары. Жалал-Абадда бийликти колдоп митингге кимдер катышты?

Айткулов Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Ашим Тагаев менен түшкөн сүрөтүн да жүктөгөн. 

%D1%83%D0%B2%D0%B4 %D0%BD%D0%B0%D1%87%D0%B0%D0%BB%D1%8C%D0%BD%D0%B8%D0%BA %D0%BC%D0%BD Кайрадан «Мекенчилдин» тарапташтары. Жалал-Абадда бийликти колдоп митингге кимдер катышты?

«Инстаграмдагы» баракчасына УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен түшкөн сүрөтүн жайгаштырып, ага «мекенчил бол» деген баяндама жазган. 

%D0%A2%D0%90%D0%A8%D0%98%D0%95%D0%92 %D0%BC%D0%BD Кайрадан «Мекенчилдин» тарапташтары. Жалал-Абадда бийликти колдоп митингге кимдер катышты?

Эмил Айткулов 2020-жылы парламент төрагалыгына шайланган Канат Исаевдин отставкага кетишин талап кылып, митингге катышкан.

%D0%BA%D0%B0%D0%BA%D1%82%D1%83%D1%81 Кайрадан «Мекенчилдин» тарапташтары. Жалал-Абадда бийликти колдоп митингге кимдер катышты?

Ошол эле жылы 10-октябрда «Ысык-Көл» мейманканасынын алдында Садыр Жапаровду колдоп чыккан.

%D0%BC%D0%B5%D0%B4%D0%B8%D0%B0%D0%B1%D0%B0%D0%BD%D0%BA %D1%80%D0%B8%D0%B0 %D0%BD%D0%BE%D0%B2%D0%BE%D1%81%D1%82%D0%B8 Кайрадан «Мекенчилдин» тарапташтары. Жалал-Абадда бийликти колдоп митингге кимдер катышты?

Төлөн Жакшыбаев

%D1%82%D3%A9%D0%BB%D3%A9%D0%BD Кайрадан «Мекенчилдин» тарапташтары. Жалал-Абадда бийликти колдоп митингге кимдер катышты?

Бийликти колдогон иш-чаранын дагы бир катышуучусу Төлөн Жакшыбаев. Ал социалдык түйүндөрдө активдүү. Анын»Фейсбук» баракчасынан «Мекенчил» партиясынын баш кийимин кийип түшкөн видеолорун байкадык.

%D0%BA%D0%B5%D0%BF%D0%BA%D0%B0 %D1%82%D3%A9%D0%BB%D3%A9%D0%BD Кайрадан «Мекенчилдин» тарапташтары. Жалал-Абадда бийликти колдоп митингге кимдер катышты?

Ушул жылдын 26-сентябрында Жакшыбаев Баткендеги болгон окуялар боюнча Ташиевдин иш-аракеттерин жактап, кайрылуу жасаган. Анда ал чек ара боюнча протоколдорду ачыктоону талап кылгандарды сынга алган.

Митингдин дагы бир катышуучусун «Мекенчил» партиясынын эл менен жолугушууларында уюштуруучулардын катарында байкоого болот.

%D0%B0%D1%82%D1%8B %D0%B6%D0%BE%D0%BD%D1%83 %D0%B1%D0%B5%D0%BB%D0%B3%D0%B8%D1%81%D0%B8%D0%B7 %D0%BC%D0%B8%D1%82%D0%B8%D0%BD%D0%B3%D0%B4%D0%B5 Кайрадан «Мекенчилдин» тарапташтары. Жалал-Абадда бийликти колдоп митингге кимдер катышты?
%D0%B0%D1%82%D1%8B %D0%B6%D3%A9%D0%BD%D2%AF %D0%B1%D0%B5%D0%BB%D0%B3%D0%B8%D1%81%D0%B8%D0%B7 %D0%B0%D0%B4%D0%B0%D0%BC %D0%BC%D0%B5%D0%BA%D0%B5%D0%BD%D1%87%D0%B8%D0%BB%D0%B4%D0%B5 Кайрадан «Мекенчилдин» тарапташтары. Жалал-Абадда бийликти колдоп митингге кимдер катышты?

Ал 2020-жылы парламенттик шайлоодо «Мекенчил» партиясы менен үгүт иштерин жүргүзгөн. 

%D0%B0%D1%82%D1%8B %D0%B6%D0%BE%D0%BD%D1%83 %D0%B1%D0%B5%D0%BB%D0%B3%D0%B8%D1%81%D0%B8%D0%B7 %D0%B0%D0%B4%D0%B0%D0%BC 2 Кайрадан «Мекенчилдин» тарапташтары. Жалал-Абадда бийликти колдоп митингге кимдер катышты?

Учурда бул жарандын өздүгүн аныктоо мүмкүн болгон жок. 

Эске салсак: буга чейин Өзгөн жаштарынын атынан өлкө башчысы менен УКМК төрагасынын ишин жактап чыккан жаран дагы дал ушул «Мекенчил» партиясынын үгүт иштерине активдүү катышып жүргөнүн T-media аныктаган. Ал Мырза-Аке айылдык кеңешинин депутаты Жеңишбек Эргешов экени далилденген. Бирок кайсы жылдары депутат болгону белгисиз. 

%D0%B3%D0%BB%D0%B0%D0%B2%D0%BD%D1%8B%D0%B9 %D1%81%D1%83%D1%80%D0%BE%D1%82 1 Кайрадан «Мекенчилдин» тарапташтары. Жалал-Абадда бийликти колдоп митингге кимдер катышты?

Жыйынтык: Жалал-Абад облусунун атынан чыгып, бийликке колдоо көрсөткөндөр «Мекенчил» партиясынын тарапташтары. Мындан тышкары бийликке колдоо көрсөтүп, Өзгөн жаштарынын атынан кайрылуу жасаган адам дагы дал ушул партиянын үгүт иштерине катышып жүргөн.  

Булак: T-media