Каныбек Осмоналиев 7-миллионунчу бөбөккө өзүнүн алтын медалын берди, – сүрөт

Олимпиада оюндарынын чемпиону Каныбек Осмоналиев 7-миллионунчу бөбөккө өзүнүн алтын медалын тартуулады. Бул тууралуу Улуттук олимпиада комитетинен билдиришти.

img 20221028 wa0045 Каныбек Осмоналиев 7-миллионунчу бөбөккө өзүнүн алтын медалын берди, - сүрөт

1980-жылкы Олимпида оюндарынын жана дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев Баткендин Кызыл-Кыя шаарында Кыргызстандын 7-миллионунчу жараны болуп төрөлгөн Жакшылыктын үй-бүлөсү менен жолукту.

Осмоналиев Жакшылыкка өзүнүн алтын медалын тартуулап, келечекте чыгаан спортчу болушун тилеп, бекем ден соолук каалады.

Мындан тышкары, олимпиадалык белектер жана Улуттук олимпиада комитетинин президенти Садыр Мамытовдун сүйүнчүсү тапшырылды.

800x452x7a52ef77 a63f 4ceb b66d 7ca9b5fc522d.jpeg.pagespeed.ic.H3 3656GlZ Каныбек Осмоналиев 7-миллионунчу бөбөккө өзүнүн алтын медалын берди, - сүрөт

Эскерте кетсек, Кыргызстандын жети миллионунчу жашоочусу Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 19-октябрда таңкы саат 2:10до төрөлгөн.

7 миллионунчу кыргызстандык фермер Валижан Абдурасуловдун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Апасы — Айжаркын Сыраждинова, 1982-жылы туулган. Бул анын төртүнчү баласы. Ымыркайдын салмагы 3,9 кг, бою 54 см.