Зомбулук менен коркутуу, кастык тили жана манипуляция. Бийликти колдогон видеону талдайбыз

Соцтармактарда азыркы бийликти колдоп, Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча документтердин ачыкталышын талап кылган активисттерди сындаган адамдардын тобунун видеороликтери тарап жатат.

Bulak.kg редакциясы аталган тасмаларды дыкат карап чыгып, манипуляция, зордук-зомбулук менен коркутуу жана кастык тилин тапты.

Сөздөрдөгү манипуляция

Тарап жаткан тасмаларда район жана облустардын атынан жалгыз адам чыгып сүйлөп, артында турган калгандары анын айткандарын жалпы кайталашууда. Ошондой эле, алардын өз ара окшоштугу, жаңырган сөздөрдүн маңызынын бир өңчөйлүү болгону байкалат:

Бизге тынчтык керек, өлкө башчысы жакшы иштеп жатат. Буга чейинки революцияардын бири да жакшылыкка алып келген эмес. Биз Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди колдойбуз”.

24-октябрь күнү Бишкекте өткөн Реакция 5.0 митингинде Кемпир-Абад маселесинин ачык чечилишин жана активисттердин бошотулушун талап кылган катышуучуларды район жана облустардын атынан сүйлөп жаткандар сынга алышты. Алардын арасында жарандык активисттерди бийликти басып алууга аракет кылды деп айыптагандары да бар.

Ар кайсы региондордон тартылган тасмаларды мамлекеттик каналдар жана Region.kg сайты көрсөтүүдө.

Бири-бирине окшош маанидеги сөздөрдү айтууда, ортого чыгып сүйлөгөн адамдар манипуляциянын кайталоо ыкмасын колдонуп жатышат.

Кайталоо – аудиториянын эсинде калышы үчүн кайсы бир символду, слоганды же текстти кайталоо.

“Өз адамдар”

Ортого чыккан адамдар бүтүндөй район жана облустардын атынан сүйлөп жатканы менен, видеодо мамлекет башчыга жакындарын көрүүгө мүмкүн.

Маселен, буга чейин Т-media журналисттери Өзгөн жаштарынын атынан президентти колдоп сүйлөп жаткан адам Мырза-Аке айыл кеңешинин экс-депутаты экенин аныкташкан. Анын аты-жөнү Эргешов Жеңишбек Анарбаевич.

pasted image 0 <strong>Зомбулук менен коркутуу, кастык тили жана манипуляция. Бийликти колдогон видеону талдайбыз</strong>

2020-жылы ал адам “Мекенчил” штабында иштеп, партиянын шайлоочулар менен болгон агитациялык жолугушууларын уюштуруп келген.

Башка видеодо бийликти колдогон дагы бир президенттин тарапташын, “Мекенчил” партиясынан чыккан Торохан Жунусбековду көрүүгө болот.

pasted image 0 1 <strong>Зомбулук менен коркутуу, кастык тили жана манипуляция. Бийликти колдогон видеону талдайбыз</strong>

Эске салсак, 2020-жылдын октябрында ал Бишкек шаарынын мэри кызматын басып алууга аракет жасаган. Бирок, кийинчерээк ведомстводогу аза кызматтары агенттигин жетектеген. Ошол эле кезде, ал анын талапкерлигин Садыр Жапаров өзү колдой турганын айткан.

pasted image 0 2 <strong>Зомбулук менен коркутуу, кастык тили жана манипуляция. Бийликти колдогон видеону талдайбыз</strong>

2020-жылдын декабрь айында “Мегаком” компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси болуп дайындалган. Бирок, андан кийин өзү айткандай кызматка отурууга аны мажбурлашкан.

Кастык тили жана Кылмыш-Жаза Кодексинин беренеси

Видеотасмаларда сүйлөгөндөр митингчилерге карата кастык тилин колдонуп, “шайкалар”, “басмачылар” “эл бузарлар”, “ириткендер”, “сасыктар” деген сөздөрдү багыттап жатышат.

Роликтердин биринде сүйлөгөн киши Рита Карасартованын атына токтолуп, анын аты “иритүү” деген сөзгө уйкаш келерин жана жалпы кыргыз элин иритип, бузуп жатканын айтууда. Ал эми, Асия Сасыкбаева тууралуу сөз кылып жатып, анын фамилиясы бекеринен “Сасыкбай” болбогонун, эл ичинде андайларды “Сасыйт экенсиң, тур нары”, – деп атай турганын айтты.

Ошол эле адам бийликке жана парламентке кайрылып, эл бузарларды эл өзү жазалаган мыйзам чыгарып берүүнү суранды.

Ал эми, 24-октябрда Facebook’та жүктөлгөн  видеороликте сүйлөгөн киши бийликтин оппоненттерине каршы курал колдонорун айтууда.

“Алар Кыргызстанга эч кандай жакшылыктарды каалашпайт. Чет өлкөдөн акча алып, чөнтөгүнө салып, башаламандыктарды уюштуруп коюп мамлекеттен качып чыгышы мүмкүн. Кыргызстан биздики жана балдарыбыздыкы. Келгиле бекем туралы. Мындай басмачыларды коркпостон жоготушубуз керек. Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевден мен курал сурайм. Өзүм аң уулоочумун. Мага курал беришсин, мен аларды бирден терип салам. Бизге Садыр менен Камчыдан башка эч кимдин кереги жок”.

 Бул айтылган сөздөр КРнын Кылмыш-Жаза Кодексинин 139-беренесине (Өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу) ылайык келип, 5 жылга чейин эркинен ажыратууга жол берет.

 Бул бийликтин тарапташтары зордук-зомбулукка чакырып жаткан биринчи учур болбосо да, укук коргоо органдары көз жумуп келе жатат.

13-октябрда көз карандысыз ММКларды жабуу митингинде уюштуруучу Илимбек Исраилов экстремисттик кыймыл-аракеттерге барарын, “Азаттыктын” операторлорунун ден соолугуна зыян келтирип коерун жана алардын офисин өрттөп саларын ачык айткан. Офисти түндө эмес, күндүз ичинде кишилер отурганда өрттөй турганын айткан. Жыпаргүл Баргибаева “кесиптешин” колдоп, “Азаттыктын” офисине эки бөтөлкө бензин ыргытып коюуда эч кандай аша чапкандык жок экенин айткан.

Азыркыга чейин укук коргоо органдары бул айтылган сөздөргө укуктук баа беришкен жок. Айтылган сөздөрдө Кылмыш-Жаза Кодексинин 139-беренеси (Өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу) жана 252-беренеси (Өрттөө жолу менен адамдардын өлүмүнө алып келе турган “террордук акт”) боюнча кылмыштын белгилери бар.

Ошол эле кезде, Кемпир-Абадды коргоо Комитетинин көптөгөн мүчөлөрүнө болгону жыйналыштагы сөздөрү үчүн “Массалык башаламандыктар” беренеси менен иш козгошту. Бирок, алардын (Дүйшөбаев менен Асановдон тышкары) айткан сөздөрүндө зомбулукка жана башаламандыкка чакырыктар жок.

Жыйынтык: элдин атынан чыгып бийликти колдоп сүйлөгөн адамдар манипуляция, кастык тилин колдонуп, Кылмыш-Жаза Кодексинин беренелери тыюу салган сөздөрдү айтышууда. Алардын арасынан мамлекет башчынын тарапташтарын көрүүгө болот. Ошондой эле, мыйзамды тандап колдонуу көрүнүштөрү байкалып турат.

Авторлор: Асель Сооронбаева, Рахатай Абдимиталип кызы, Семетей Аманбеков