Азат Равшан: Мейли менин атам камалсын, айымдарды бошотуп койгула!

Бүгүн, 27-октябрда жапырт камалган саясатчы жана жарандык активисттердин жакындары бийликке кайрылуу жасап жатат. Анда саясатчы Равшан Жээнбековдун уулу Азат Равшан төмөндөгүлөрдү билдирди.

«Менин атам саясатта көп жылдан бери жүргөн адам. Кемпир-Абад үчүн камалды. 28 адамдын укугу тебеленип жатат. Ал түрмөгө камалганга даяр, бирок 5 айымды бошотуп койгула», — деди ал.

Эске салсак, 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камалышкан.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатат.

24-октябрда Бишкекте бир катар саясатчылардын жана жарандык активисттердин камалышына каршы болгондор жөө жүрүшкө чыгышкан.