Мамбетжунус Абылов кармалды

Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөсү Мамбетжунус Абылов кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда белгилүү болду.

Белгилей кетсек, кечээ, 26-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрүнүн бири Мамбетжунус Абыловдун үйү тинтүүгө алынган.

Ал эми, 25-октябрда Мамбетжунус Абылов маалымат жыйынын өткөрүп, анда оппозициячыл саясатчылар менен активисттердин жолугушуусунун чоо-жайын айтып берген.

Эске салсак, 10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун көпчүлүк добуш менен жактырган. Эми документке эки өлкөнүн президенттери кол коюп, андан соң Жогорку Кеңеште ратификациядан өтүшү керек. 

Бул ортодо Кемпир-Абад суу сактагынын айланасындагы маселе боюнча 20-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков кызматтан алынды.

Ал эми 23-октябрда Кемпир-Абаддын айланасындагы чууга байланыштуу 22 адам кармалган. Алардын арасында белгилүү саясатчы, журналист, активисттер бар.