Икрамов: Конституция боюнча, мамлекет “Азаттыкты” же өлүм коркунучуна кабылган башкаларды коргошу керек болчу

Атай менен Эрлан өз оюн, оюн эркин айта алышат. Буга Конституция жол берет. Мындай пикирин депутат Тазабек Икрамов 27-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Конституциянын 10-беренесинде так жазылган: Жалпыга маалымдоо каражаттарына мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан маалымат алууга, аларды жайылтууга, сөз эркиндигине кепилдик берилет. Кыргыз Республикасында цензурага жол берилбейт. Жалпыга маалымдоо каражаттары эркин жана өз ишин мыйзам чегинде жүргүзөт. Кыргыз Республикасында маалыматтык коопсуздук мамлекет тарабынан корголот».

Аларды камоо туура эмес, мамлекетке коркунуч туудурбайт. ММКга, журналистикага да кысым болуп жатат. Биз Конституция менен эмес, ага карама-каршы жашап жатабыз.

Конституция боюнча, мамлекет “Азаттыкты” же өлүм коркунучуна кабылган башкаларды коргошу керек болчу. Мындай болбой жатат, сөз эркиндигине кысым болуп жатат. Эркин сүйлөгөндөрдүн иши адилет каралат деп эсептейм», – деп белгиледи депутат.