Камалган Карасартова абактан кат жазды

Активист Рита Карасартова абактагы абал өткөн кылымдын алтымышынчы жылдардан тарта оңдолбогонун айтып, бөлмөсү суук экенин айтып, бирок жакшы тамак берилип жатканын жазды.

Ал ошондой эле ар бир күндү бөлүп, эмне кылганы, жанындагы камералаш аялдардын кайсы иш менен кармалып турганына чейин жазган.

“Милициялар менен тергөөчүлөр биздин көзүбүздү карай албай турушту” , – деди ал катта.

Рита карасартованы эки айга камакка алууну Бишкектин Биринчи май райондук соту 25-октябрга караган түнү кабыл алды.

Эске салсак, 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камалышкан. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүүдө.

24-октябрда Бишкекте бир катар саясатчылардын жана жарандык активисттердин камалышына каршы болгондор жөө жүрүшкө чыгышты.

WhatsApp Image 2022 10 27 at 14.46.57 Камалган Карасартова абактан кат жазды