Кара-Суу районунда унаа уурдаган жаран кармалды


Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын тургуну 36 жаштагы И.Ю., арыз менен кайрылган. Анда 2022-жылдын 14-августунан 18-августуна чейинки аралыкта Шарк айыл аймагында И.Ю., таандык болгон “Мерседес Бенц- 211” үлгүсүндөгү унаасын белгисиз атуулдар тарабынан уурдап кеткендигин билдирген.


Аталган факты Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 211-берененин (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.


2022-жылдын 24-октябрь күнү Кара-Суу РИИБдин Шарк Аймактык милиция бөлүмчөчүнүн аймактык тескөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Ош шаарынын тургуну 27 жаштагы С.А., аттуу жаран кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү С.А., 2022-жылдын 17-августунан 18-августуна караган түнү жабырлануучуга таандык болгон “Мерседес Бенц 211” үлгүсүндөгү унаасын укукка жат түрдө айдап качкандыгы аныкталып, Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда шектүүнүн башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги текшерилүүдө.


Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы