
Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу ашуусунан жүк ташуучу автоунаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди. Бул тууралуу транспорт жана байланыш министрлиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, чектөө бүгүн, 26-октябрда саат 11:40тан тартып киргизилди, аба ырайы жакшырганга чейин уланат.
«Ашууда кар жаап жатат. Жолду кардан тазалоо жана кум-шагыл чачуу иштери жүрүп жатат»,-деп айтылат маалыматта.