Электр энергияга “күн-түн” жаңы тарифин киргизүү пландалып жатат

Жогорку Кеңештин жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстанда электр энергияга “күн-түн” жаңы тарифин киргизүү пландалып жатканын билдирди.

Жыйында депутат Элдар Сулайманов дүйнө жүзүндө электр энергиянын күндүзгү жана түнкү тарифтери бар экенин айтып, министрдин программасында ушундай тарифтин бар-жогуна кызыкты.

“Программабызда бар. Жана айтып кетпедимби, эсептегичтерди өндүргөн кыргыз-орус биргелешкен ишкана ачылат деп. Ошол эсептегичтерге “күн-түн” деген тариф кирет. Эки жыл болобу, беш жыл болобу бул тарифке өтөбүз. Бүгүнкү күндө кээ бир санаторияларда колдонулуп жатат. Түнкүсүн арзан, күндүз кымбат төлөшөт. Ошондуктан тамак жасоону жана кийим жууп, үтүктөгөндү түнкүсүн кылат. Биздин ишкерлерге дагы пайдалуу болот эле”, — дейт ал.

Ибраев Кыргызстанда электр энергияны колдонуунун жогорку чеги кечки 18:00дөн 21:00гө чейин жана эртең мененки 7:00дөн 11:00гө чейин экенин кошумчалады.