Мирлан Самыйкожо жарнама кылгандыгы тууралуу: Мен ата мекендик өндүрүштү колдоп, жайылтуу максатында бардым

Депутатат Мирлан Самыйкожонун кастюмдарды жарнамалаган тасмасы тарап, ал коомчулук тарабынан талкууга алынган болчу. Айрымдары «депутаттын статусундагы иш эмес»,- деп дагы сындашкан.


Эл өкүлү бул тууралуу «Govori.TV» мультимедиялык маалымат агенттигине «ата мекендик өндүрүштү депутат эмес, президент колдошу керек. Мен ата мекендик өндүрүштү колдоп, жайылтуу максатында бардым»,-деген пикирин айтты.