Бишкекте талапка жооп бербеген жарнамалар алынууда 

Бишкектин Ленин районунун аймагындагы талапка жооп бербеген жарнамалар алынууда, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Атайын жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө Д.Сяопин проспектиси боюнча мыйзамсыз орнотулган жалпы 18 даана жарнама (баннерлер, афишалар, стенддер ж.б.) алынды.

Бишкек мэриясынан бул багытта иштер уланып жаткандыгын кошумчалашты.