Милиция кызматкерлери Токмок шаарындагы базарларда уурулукту алдын алуу боюнча чараларды көрүүдө

Үстүбүздөгү жылдын 19-октябрь күнү Токмок шаардык милиция кызматкерлери тарабынан шаардын аймагында жана “Мүрөк”, “Ак-Тилек”, “Булак” базарларында, кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо боюнча, анын ичинен: өзгөчө чөнтөк уурулуктун алдын алуу жана болтурбоо боюнча иш-чаралары жүргүзүлдү.

WhatsApp Image 2022 10 20 at 08.01.47 Милиция кызматкерлери Токмок шаарындагы базарларда уурулукту алдын алуу боюнча чараларды көрүүдө


Ошондой эле, мал уурулуктун алдын алуу максатында, жарандарды малдарды талаада кароосуз калтырбоону, андан тышкары, мал сарайлардын уурулукка каршы болчу сапатын жогорулатуу, видеобайкоо камераларын орнотуу боюнча иштер уюштурулду.

Ошондой эле, коомдук тартипти сактоо боюнча көчөлөрдө жана коомдук жайларда кылмыштуулуктун алдын алуу, өспүрүмдөрдүн коопсуздугун көзөмөлдөө, үй-бүлөлүк зордук зомбулуктарды болтурбоо, ата-энелер тарабынан жаш балдарды көзөмөлдөө боюнча эскертүүлөр берилди.

WhatsApp Image 2022 10 20 at 08.01.46 Милиция кызматкерлери Токмок шаарындагы базарларда уурулукту алдын алуу боюнча чараларды көрүүдө

Чүй ОИИББнын Басма сөз кызматы