Кемин: Эки окуучуну унаа сүзүп кетти, – видео

Кемин шаарында бүгүн, 20-октярда эртең менен саат 7лер чамасында эки окуучуну унаа сүзүп кеткен. Бул тууралуу видеотасма соцтармактарда тарап жатат.

Тургундардын айтымында зебра турганда дагы жарыктандыруу жагы каралган эмес, ошондуктан жашоочулар жарыктандыруу маселесин чечүүнү суранышат.