Өзгөндөгү аскадан кулаган өспүрүмдүн өлүмү: Окуянын чоо-жайы

Ош облусунун Өзгөн районунда 14 жаштагы баланын өлүмү боюнча тергөө иштери башталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 16-октябрь күнү болжол саат 13:35те Өзгөн райондук милициясына Куршаб аймактык ооруканасынан 14 жаштагы И.К. аттуу өспүрүм денесинен жараат алып кайрылгандыгы тууралуу кабар түшкөн. Ал Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагынын тургуну болгон.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, алгачкы териштирүү иштери башталган.

Ыкчам маалыматтарга ылайык, өспүрүм бала 16-октябрда болжол менен саат 10:00до Киров айылынын кире бериш жериндеги арканын жанындагы бийик жардын түбүнөн табылган.

Алган жараатынан улам ооруканага жеткирилип, 17-октябрь күнү ооруканада өзүнө келбей каза болгон. Өлүмүнүн себебин аныктоо максатында маркумдун сөөгү соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлгөн.

Ошондой эле, текшерүү иштеринин жүршүндө 16-октябрга караган түнү Киров менен Шагым айылдарынын 9-10-класстагы окуучулары пикир келишпестиктен улам, топтолушуп мушташканы белгилүү болгон. Киров айылынын балдары мушташ болгон жерден качып бара жатканда, 14 жаштагы И.К. жардан кулап кеткени аныкталган.

Учурда күбөлөр суралып, иликтөө иштери уланууда.