Адам өлтүрүүгө шектүү катары 7 жарандын бул ишке кантип барганы ачыкталды

Кайгуул кызматкерлери адам өлтүрүүгө шектүү катары 7 жаранды аныктады. Бул тууралуу Кайгуул милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, 2022-жылдын 17-октябрда болжол менен саат 02:15 чамасында “102” кызматына “восток 5” дарегинде жайгашкан эс алуучу жайлардын биринде “жаран киши колдуу болуп өлдү” деген маалымат келип түшкөн.

«Айтылган дарекке ошол замат кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, азият түспөлүндөгү болжолдуу жашы 30-35 курактагы жаран жерде киши колдуу болуп өлгөндүгү аныкталган.

Чакыруу менен келген кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи суй электе, кылмышка шектүү катары 1990-туулган А.А., 1995-жылы туулган А.Д., 2002-жылы туулган О.А., 1974-жылы туулган А.Л., 1998-жылы туулган А.А. (кыздар) жана 1992-жылы туулган А.Н., 2000-жылы туулган С.У., (балдар) жалпысынан 7 жаранды кармашып, Свердлов райондук ИИБнын Тергөө кызматына жеткиришкен.

Шектүүлөрдүн айтымында адам өлтүрүү мушташуудан улам келип чыккан. Тагыраагы маркум чогу отурган бир кызды сабап салгандыктан, ал башка жарандардын катышуусу менен топтошуп, ошол жаранды өлтүрүшкөндүгүн айтышкан», — деп айтылат билдирүүдө.

Бул факты Свердлов райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды