Депутат эркин күрөш боюнча Азия чемпионуна унаа белек кылды

18-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Талайбек Масабиров менен Шайлообек Атазов Ш.Сыдыков атындагы Республикалык спорт колледжине барып, окуучулар менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, депутат Шайлообек Атазов эркин күрөш боюнча Азия чемпиону Жумашбек уулу Таирге өз атынан авто унаа белек кылды.

Мындан тышкары, аталган окуу жайга Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан 50 миң сом акчалай сыйлык тапшырды. Таир сыяктуу балдарды чемпиондорду тарбиялап жаткан мугалимдерге, машыктыруучуларга эл өкүлү Шайлообек Атазов ыраазычылык каттарды дагы берди.

Иш-чарада ал мындай саамалык жаңы өсүп келе жаткан өспүрүмдөргө, кыргыз желегин дүйнөлүк аренага чыгарып желбиреткен жаштарга ишеним, мотивация берерин кошумчалап: «Бизди бириктирип, дени сак жашоону тартуулаган — бул спорт. Спорт – ийгиликтин жана ынтымактын башаты. Сергек жашоонун үлгүсү, андыктан дагы да жашасын спорт», — деди ал.

Ал эми депутат Талайбек Масабиров талыкпаган эмгек, таза мээнет, өжөрлүк аруу тилек гана ийгиликке жеткирерин ырастады.

«Мен дагы өзүм ушул жерде окуп, билим алдым, спорт жаатында көп ийгииктерге жетиштим, андыктан ар бириңерге чексиз ийгилик каалайм», — деди Масабиров.

Ал эми спортчу Таир Жумашбек уулу депутаттарга ыраазычылык билдирди.

«Мен аябай кубанып жатам, мындай жетишкендикке өзүмдүн аракетим, ата-энемдин колдоосу, машыктыруууларымдын мага болгон ишеними жеткирди. Мен 22 жаштамын. Мен сыяктуу жаштарга колдоо көрсөткөн Атазов Шайлообек Карыбековичтин иштерине бир гана жакшылыктарды каалайм. Бүгүн түнү Испанияда өтүүчү  мелдешке кетип жатам. Жаңы дем менен ийгилик менен келем», — деп белгиледи.

Белгилей кетсек, бул иш-чарага Кеңештин депутаттары  Талайбек Масабиров, Шайлообек Атазов, экс-депутат Эсенгул Исаков, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев, генерал-майор, Күрөш федерациясынын вице-президенти, UWW-Азиянын Борбор Азия боюнча куратору Мелис Турганбаев, колледждин машыктыруучу жана окутуучулар жамааты, жаш спортчулар жана алардын ата-энелери катышты.