Алмаз Бейшеналиев үй камагына чыкты. Милиция ал акчанын калган бөлүгүн кайтарып бергенин кабарлады

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан мурдагы билим берүү министри Алмаз Бейшеналиевге карата 110 миң доллар өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш иши тергелүүдө. Бул тууралуу министрликтен маалымдашты.

27-сентябрда Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан Индиянын жарандарынын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргогон жаран Индиянын жараны болгон студенттерди башка өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына которуу боюнча оң чечим чыгаруу үчүн Алмаз Бейшеналиев опузалап акча талап кылып жаткандыгы жөнүндө арыз менен кайрылган. Аталган факты боюнча 29-сентябрда Бишкек шаарынын аймагында атайын иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда ошол учурдагы министр пара алып жаткан жеринен камалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Андан соң, анын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, тергөө амалдарынын жүрүшүндө ал ыктыярдуу түрдө 37 миң 500 долларды берген. Тергөөнүн жүрүшүндө Алмаз Бейшеналиев 62 миң 500 доллар өлчөмүндө пара түрүндө алынган акчанын калган бөлүгүн өз ыктыяры менен кайтарып берди.

Алмаз Бейшеналиев тергөөнүн жүрүшүндө келтирилген зыяндын ордун толук толтурганын, анын өнөкөт ооруларга чалдыкканын, туруктуу жашаган жери, жашы жете элек 4 баласы бар экенин, тергөөгө тоскоолдук кылбай тургандыгы эске алынып, анын баш коргоо чарасын камакка алуу түрүнөн үй камагына өзгөртүлдү. Учурда кылмыш иши боюнча процессуалдык чечим кабыл алуу максатында ар тараптан толук жана объективдүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.