Токой фондунун жерлери Казакстан — Кытай магистралдык газ кууру үчүн берилгени жатат, – ЖМК

Түркстан облусундагы токой чарба жерлери Казакстан – Кытай магистралдык газ куурунун керектөөлөрү үчүн берилгени жатат. Бул тууралуу КазТАГ агенттиги өкмөттүн тиешелүү токтом долбооруна шилтеме кылып кабарлады.

Долбоордо жалпы 57,5559 гектардан турган жер тилкесин токой фондундагы жерден “өнөр жай, транспорт, байланыш, космостук ишмердүүлүк, коргонуу, улуттук коопсуздук жана башка айыл чарбасына байланышпаган багыттагы жер” категориясына өткөрүү тапшырмасы берилген.

Мындан тышкары өкмөт Түркстан облусунун акимине Казакстан – Кытай магистралдык газ куурунун “А”, “В” жана “С” линияларынын жер үстүндөгү объектилерин тейлөө үчүн “Азия газ кууруна” жер тилкелеринин берилишин камсыз кылууну тапшырды.

Маалыматтарга караганда, бериле турган 10,5082 гектар жерде токой болсо, 10,9466 гектарында токой жок, 6,6463 гектары жайыт жана 29,4548 гектары жолдордон турат.

Мындан тышкары Казакстандын мыйзамдары боюнча “Азия газ кууру” токой жерлеринин алынышынан улам токой өндүрүшүнө келтириле турган 1,9 триллион теңге жана жыгач материалдардын 45 729 теңге өлчөмүндөгү чыгашасынын ордун толтурушу керектиги жазылган.

Казакстан – Кытай магистарлдык газ куурунун узундугу 1304, 5 чакырымды түзөт. Анын Казакстандагы бөлүгү өзбек-казак чек арасына жакын жердеги Сарыагаш шаарчасынан (Ташкенттен 15 чакырым алыстыкты жайгашкан) башталып, Чымкент аркылуу өтүп, казак-кытай чек арасындагы “Хоргос” бекетине чейин созулат. Узундугу 650 чакырымды түзөт.

Газ кууру эки бөлүктөн турат. Негизгиси деп эсептелген биринчисинин газ өткөрүү жөндөмдүүлүгү жылына 40 миллиард куб метрге жетет. Ал Түркмөнстан газынын транзити үчүн пайдаланылып, өзбек-казак чек арасынан казак-кытай чек арасына чейин барат.