Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда баардык унаалардын өтүүсүнө чектөөлөр киргизилди

ЖКККББ: Нарын облусунун Куакы ашуусунда аба ырайы калыбына келгенге чейин Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда баардык унаалардын өтүүсүнө чектөөлөр киргизилди.


Азыркы учурда Куакы ашуусунун айланасындагы жолдордо жааган кардын калыңдыгынан баардык унаалардын кыймылына чектөөлөр киргизилип, каттам Балыкчы шаары аркылуу уюштурулду. Ошондой эле Чүй облусунун Төө-Ашуу, Талас облусунун Өтмөк жана Жалал-Абад облусунун Ала-Бел ашуулары аркылуу каттамда оор жүк ташуучу транспорт каражаттарына азыркы учурда чектөөлөр алына элек. Аталган ашууларда жолду тазалоого бардык керектүү техникалар тартылып, унаалардын коопсуз өтүүсү үчүн инерттүү материалдар төгүлүүдө.


Жогоруда көрсөтүлгөн ашуулар аркылуу каттамдагы айдоочуларды кардын чынжырын алып жүрүүгө, каршы тилкеге чыкпоого (пробка болгон учурда), тыгын болгон жерге атайын техниканын жүрүшүнө тоскоолдук кылбоого, жайкы дөңгөлөктөр менен жүрбөөгө жана унаалардын ортосунда 500 метр коопсуз аралыкты сактоого чакырат.

КР ИИМдин ЖКККББнын Басма-сөз кызматы