УКМК: Ноокатта сот аткаруучу пара менен кармалды

Ноокат райондук сотунун сот аткаруучусу опузалап пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

311949155 514674050507910 3946470442219713306 n 1024x576 1 УКМК: Ноокатта сот аткаруучу пара менен кармалды

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 17-октябрында Кыргыз Республикасынын УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара талап кылуу) боюнча комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө, Мыйзамсыз курулушту бузуу боюнча соттун чечимин аткаруу үчүн С.А. аттуу жарандан 500 доллар акча каражатын талап кылып, 14 миң сом алып жаткан учурда Ноокат райондук сотунун соттук аткаруучусу К.Т.А. кармалган.

311884871 854699289034095 8986388328118976366 n 825x452 1 УКМК: Ноокатта сот аткаруучу пара менен кармалды

Кармалган К.Т.А. КРнын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда аталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.