Жалал-Абад — Казарман унаа жолу жабылды

Аба ырайынын кескин түрдө өзгөрүшүнө байланыштуу Жалал-Абад — Казарман унаа жолунун Сары Кыр ашуусунда кардын калың жааганынан улам, аталган унаа жолу Тогуз — Торо районунун акиминин буйругунун негизинде 18-октябрдан тартып убактылуу жабылды.

Андыктан Жалал-Абад облусунун ЖККК бөлүмүнүн кызматкерлери аталган жолго сапарга чыккан айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү альтернативдүү унаа жолу аркылуу каттоого чакырат.