Милиция кээде өзү сойкуканага “крыша” болуп берет, — Дастан Бекешов

Сойкулук дагы адам сатууга киреби? — деп сурады бүгүн, 19-октябрдагы парламенттин жыйынында депутат Дастан Бекешев ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевден.

Жыйында “Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралып жатат.

Нурбек Абдиев депутаттын суроосуна жооп берип жатып: “Сойкулук дагы адам сатууга кирет. Биздин мамлекеттен башка өлкөгө алып чыгып, сойкулукка сатуу боюнча эки кылмыш иши козголгон”, — деди.

“Бизде сойкуканалар бар да. Милиция бүт барын билет. Кайсыл жерде сойкукана бар, ким аны көзөмөлдөй турганын билет. Кээде өздөрү “крыша” болуп беришет. Бирок, ошол жерде адам сатуу фактысы болсо, алар кимге кайрылат? Мындай учурда милицияны ким көзөмөлдөй алат?”, — деп сурады Бекешев.

Ички иштер министринин орун басары ИИМди прокуратура органдары менен УКМК көзөмөлдөп турарын белгиледи.

“Биздин кызматкерлер тарабынан мыйзам бузуулар болсо, алар тергөө амалдарын жүргүзүшөт”, — деп жооп берди.

Ошондой эле, министрдин орун басары мындай фактылар боюнча кылмыш иши козголгон учурлар катталганын белгиледи.