Мектептеги акча чогултуу токтолобу? Министрлик жол издеп жатат

Бүгүн, 18-октябрда өткөн маалымат жыйынында Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова мектепте акча чогултуу маселеси боюнча суроолорго жооп берди.

Анын айтымында, бул жаатта иштер жүрүп жатат.

«Мурунку эсептөөлөр бар. Ар бир мектеп керектөөлөрүнө канча каражат алып жатат. Ата-энелердин жардамы жок окуу процессин өткөрө алабы? Ушул маселенин үстүндө адистер иштеп жатат. Кырдаалдан чыгуунун бир эки жолу бар экенин эксперттер айтышты.

Ар бир жарандын оюн угуу менен сунуш берели деп жатабыз. Ошол эле учурда Камкорчулар кеңеши жөнүндө мыйзам бар. Ал кандай иштейт? Толук механизмин иштеп чыгып, Министрлер кабинетине киргиздик, токтом колдоо тапты. Камкорчулар кеңеши мектепке жардам берүү же бербөө, өз каалоосу менен көмөк көрсөтсө канчалык ачык болот? Коррупциялык нааразычылык пайда кылбаган жана дүйнөлүк практикада колдонулган механизм десек болот. Биринчи эсептөөлөр аяктагандан кийин бул маселенин үстүндө ишти баштайбыз»,-деди ал.