Кыргызстанга 200 миң доллар алып кирүүнү көздөгөн жаран кармалды

Өзбекстандын Наманган шаарында жергиликтүү тургун Кыргызстанга мыйзамсыз түрдө 200 миң доллар алып кирүүгө аракет кылды, деп билдирди өзбекстандык УзА маалымат кызматы.

Маалыматка караганда, Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын кызматкерлери Намаган-Нанай жолунда шектүү айдап бара жаткан Cobalt үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Унааны текшергенде 200 миң доллар табышкан.

«Аталган жаран учурда өздүгү такталып жаткан белгисиз адамдар менен сүйлөшүп алып, бул ири сумманы мыйзамсыз түрдө Кыргызстанга которууга аракет кылган», — деп жазат ЖМК.