Маршруткадан капчык уурдаган жаран кармалды

Бишкекте капчык уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 16-октябрда болжол менен саат 18:30 чамасында “102” кызматына Курманжан-Датка жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишинен капчык уурдалды деген маалымат келип түшкөн.

«Айтылган дарекке ошол замат кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты такатаганда, 1998-жылы туулган М.Л. аттуу жаран кайгуул кызматкерлерине арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү маршурттук унаанын ичинен белгисиз жаран арыз ээсинин капчыгын жашыруун түрдө уурдап алган. Анын ичинде паспорту, айдоочулук күбөлүгү жана 5500 сом өлчөмүндө акчасы болгон.

Кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган А.И. аттуу жаранды кармашып, Свердлов райондук ИИБнин Тергөө кызматына андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн жеткиришкен»,-деп айтылат маалыматта.