ЖККУнун ролу талкууланууда

Бүгүн, 12-октябрда Бишкекте «Аймакта коопсуздукту камсыз кылууда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн кызматташтыгы жана ЖККУнун ролу» аттуу тегерек стол өтүп жатат.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, аскердик эксперт Токтогул Какчекеев, саясат талдоочу Марс Сариев, тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Курмановдор катышууда.

Чогулгандар учурдагы жергиликтүү жана геосаясий тенденцияларды эске алуу менен Борбордук Азия мамлекеттери үчүн коркунучтун деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар, жаӊы шарттарда ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүү форматын өркүндөтүү маселелерин талкуулап жатышат.

310827905 596152168910210 7932761948407598849 n 1024x461 1 ЖККУнун ролу талкууланууда