Депутат: Комитеттин 10-октябрдагы жыйыны мыйзамсыз өттү

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин кыргыз-өзбек чек арасы боюнча чечими парламенттин кароосуна киргизилеби, деп суроо салды депутат Исхак Масалиев.

Депутаттын айтымында, комитеттин 10-октябрдагы жыйыны мыйзамсыз өткөн. «Документтер 3 күндүн ичинде кабыл алынышы керек болчу, бирок ошол эле күнү кабыл алынды», – деди Масалиев.

Ага төрага Нурланбек Шакиев келишимди Жогорку Кеңеш ратификациялаганда маселе көтөрүлө турганын айтты.