“Эч кандай саясий өңүтү жок”. Иманкулов Кыргызстан ЖККУнун машыгуусун өткөрүүдөн эмне үчүн баш тартканын айтты

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Кыргызстанда өтө турчу кезектеги аскердик машыгуулары убактылуу кийинкиге жылдырылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда өткөн тегерек столдо Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди.

«ЖККУнун өлкөдө боло турган кезектеги аскердик машыгуулары өтпөй турганы жөнүндө» чечимдин айланасында түрдүү божомолдор айтылып жатат. Эч кандай саясий өңүтү жок. Бул машыгуу Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалдан улам кийинкиге жылдырылды»,-деди Иманкулов.

Белгилей кетсек, «Бузулбас боордоштук» деп аталган ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн командалык-штабдык машыгуулары 10-14-октябрда Балыкчы шаарынын жанындагы «Эделвейс» полигонунда өтмөк.

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында уюмдун курамына кирген Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында куралдуу кагылышуу болуп, кан төгүлгөн. Эки тарап бири-бирин аскердик агрессияга айыптаган.

Мындан улам 7-октябрда уюмга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын Ереванда өткөн консультациялык жолугушуусунда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги ЖККУнун уставдык документтерине толуктоо киргизүүнү сунуштаган.

ТИМ башчысынын орун басары Нуран Ниязалиев Тажикстандын Кыргызстанга карата аскердик агрессиясынын кесепеттери тууралуу маалымат берип жатып, куралдуу кол салууга жол бербөө жана бардык келишпестиктерди ортодогу келишимдин жана уставдын негизинде тынч чечүү үчүн уюм ичинде механизмдерди тез арада ишке киргизүүгө чакырган.