Кыргызстан ЖККУнун Тажикстандагы машыгууларына катышкан жок

Кыргызстан Жамааттык коопсуздук келешим уюмунун Тажикстандагы машыгууларына катышпайт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Аталган машыгуулар Балыкчыда 10-14-октябрда өтөрүү пландалган. Бирок Кыргызстан аны өткөрүүдөн баш тарткан. Ага байланыштуу машыгуулар Тажикстанга жылдырылган. Ал Тажикстанда 10-21-октябрда болуп өтөт.

Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ЖККУнун машыгуулары эмне себептен Кыргызстанда өтпөй калганы боюнча түшүндүрмө берген.

Учурда ЖККУга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан мүчөлүк кылат.

Эскерте кетсек, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуп, Тажикстандын агрессиясынан улам куралдуу кагылыш башталган.

УКМК Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет көрүп жатканын билдирген. Кагылышты токтотууга аракеттер көрүлүп, эки өлкөнүн УКМК башчылары, президенттери ортосунда ок атууну токтотуу боюнча макулдашуулар болгон. Ага карбастан ок атышуулар дээрлик түнгө барып басылган.

Камчыбек Ташиев чек арадагы жаңжалдын айынан аскер жана жай тургундар арасында курман болгондор бар экенин билдирген.

Кыргызстанда 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылыш боюнча билдирүү жасап, Тажикстан алдын ала пландап, Кыргызстанга кол салганын билдирди.

Куралдуу кагылыштын айынан Кыргызстан тараптан 63 киши, анын ичинде 50 аскер курман болуп, 206 адам ар кандай жаракаттарды алган.

Бүгүнкү күнү чек арадагы абал тынч бойдон сакталууда.

Чек арадагы куралдуу кагылышка байланыштуу коомчулукта Кыргызстанда өтө турган «ЖККУнун машыгууларына Тажикстан келбесин» деген талаптар айтылган.

Белгилей кетсек, «2022-жылдын октябрында Кыргызстандын аймагында өткөрүү мерчемделген Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун бейпилдик күчтөрүнүн «Бузулбас достук – 2022» командалык-штабдык машыгууларын өткөрбөө чечими кабыл алынды». Бул тууарлуу Коргоо министрлиги таркаткан маалыматта жазылган.

машыгуулар 10-октябрдан 14-октябрга чейин болушу керек болчу.

1992-жылы түзүлгөн Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна Кыргызстан, Казакстан, Армения, Беларус, Тажикстан жана Орусия кирет.