Кинематография департаментинин директору кызматтан кетти

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

«Кинематография департаментинин директору Бектеналиев Мукталы Абдыбекович башка кызмат ордуна ротация тартибинде которулгандыгына байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду», — деп айтылат билдирүүдө.