Кыргызстанга келүүгө 600дөн ашык чет өлкөлүк жаран арыз берди, – Базарбаев

“Санарип көчмөн” долбоору аркылуу Кыргызстанга келүүгө 600дөн ашык чет өлкөлүк жаран арыз берди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

Анын айтымында, кайрылгандардын ичинен 182 адам каттоодон өттү, калганы каралууда.

“Негизинен IT-адистери аталган долбоор аркылуу келишет. Долбоорго Азербайжан, Армения, Казакстан, Россия, Молдованын жарандары кайрыла алышат”, — дейт министр.

Базарбаев «Санарип көчмөн» деген статус чет өлкөлүктөргө (IT-адистери) акысыз берилерин кошумчалап кетти.