Крым көпүрөсүндөгү жардыруудан каза болгондордун саны төрткө жетти

Крым көпүрөсүндөгү жарылуудан каза болгондордун саны төрткө жетти, алардын арасында Москванын тургуну да бар, деп билдирди РИА Новостиге өзгөчө кырдаалдар кызматынын өкүлү.

“Такталган маалымат боюнча, төрт адам каза болгон, анын ичинде Москванын судьясы да бар”, – деп билдирди булак.

Буга чейин кырсыктан үч адам каза болгону айтылган.

Эскерте кетсек, 8-октябрда таңга маал Крым көпүрөсүндө жүк ташуучу унаа жарылып, андан кийин өтмөктүн темир жол бөлүгүн бойлой келе жаткан поездден күйүүчү май куюлган жети цистерна күйүп кеткен. Натыйжада эки вагондун аралыгы жарым-жартылай кулап, бирок кемелердин өтүшү үчүн арканын таянычтары жабыркаган эмес. РФнын Тергөө комитети терроризм боюнча кылмыш ишин козгогон.