150 миң сомдук буканы уурдоого шектелип 4 адам кармалды

Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда 150 миң сомдук буканы уурдоого шектелип төрт адам кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнө 51 жаштагы жаран арыз менен кайрылып, 2022-жылдын 20-июлунда бир баш “Ангус” пародасындагы 150 миң сомдук букасын белгисиз адамдар уурдап кеткендигин билдирген.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (“Уурдоо”) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Тогуз-Торо районунун тургундары 38 жаштагы К.Э., 27 жаштагы К.Ж., 26 жаштагы М.А. жана 25 жаштагы Б.А. кармалышкан.

2022-жылдын 9-октябрында шектүүлөрдүн бөгөт коюу чарасы Тогуз-Торо райондук сотунда каралып, эки айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыш иштерине катыштыгы бар же жок экендигин аныктоо максатында тийиштүү ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүүдө.