Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо телефонсуз жыйынга кирүүдөн баш тартып кетип калды

Белгилей кетсек бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасын демаркация жана делимитациялоо маселеси боюнча жыйын өтүүдө.

Бирок, жыйынга ЖМК өкүлдөрүнүн камераларын киргизүүгө жана видеого тартууга тыюу салынган.

Маалыматка ылайык, жыйын учурунда журналисттер кагаз жана ручка колдоно алышат. Компьютер жана телефонго да алып кирүүгө тыюу салынды.